Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-сентябры № 503-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор жана аткаруучу Үтөбаев Шамшибек Тагаевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Сыдыков Ү. - Кыргыз Республикасынын коомдук жана саясий ишмери (макулдашуу боюнча);
Мамыров Н. - "Ноокен ата" коомдук фондунун президенти, тууганы (макулдашуу боюнча);
Конгантиев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Асанбаев К. - Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сагындыков Т.С. - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы.
2. Жарандык коштошуу ырасымы 2009-жылдын 10-сентябрында саат 10.00дө Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында өткөрүлсүн.
3. Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү сөөк коюла турган жер болуп аныкталсын.
4. Маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-сентябры № 503-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор жана аткаруучу Үтөбаев Шамшибек Тагаевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)