Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-сентябры № 506-б
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 610-беренесине ылайык, академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын Ысык-Көл облустук сүрөт мектеп-интернатын имарат-жай менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 38 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борборунун алдындагы Ибн-Сина атындагы Республикалык балдар үчүн реабилитациялык борборунун аймагында жайгашкан мектептин имаратын белгиленген тартипте аны билим берүү максатында пайдалануу үчүн төмөнкүдөй шарттарда берсин:
- коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен 10 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга;
- социалдык эмес маанидеги башка объекттерди профилдештирүү укугусуз;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мөөнөттү пролонгациялоо укугу менен.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектиге тийиштүү документтерди тариздесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |