Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-сентябры № 520-б
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча тиркелген план (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 520-б буйругу менен бекитилген |
┌──┬────────────────────────────────────────┬───────────┬─────────────┐
│№ │ Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар │ Аткаруу │ Жооптуу │
│ │ │мөөнөттөрү │аткаруучулар │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│1 │"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" │2009-жылдын│Юстмин │
│ │Кыргыз Республикасынын Конституциялык │октябры │ │
│ │мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана │ │ │
│ │толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп │ │ │
│ │чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына │ │ │
│ │киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│2 │"Кыргыз Республикасынын Граждандык │2009-жылдын│Юстмин │
│ │кодексине өзгөртүүлөрдү жана │декабры │ │
│ │толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп │ │ │
│ │чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына │ │ │
│ │киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│3 │"Кыргыз Республикасынын эл аралык │2009-жылдын│ТИМ │
│ │келишимдери жөнүндө" Кыргыз │декабры │ │
│ │Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү │ │ │
│ │жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" │ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун │ │ │
│ │иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте │ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │
│ │Аппаратына киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│4 │Министрликтерди, мамлекеттик │2009-жылдын│Министрликтер│
│ │комитеттерди жана администрациялык │сентябрь- │жана │
│ │ведомстволорду, аткаруу бийлигинин башка│декабры │ведомстволор │
│ │органдарын нормативдик укуктук актыларды│ │(компетен- │
│ │кабыл алуу укугун берген жоболорду │ │циясынын │
│ │аныктоо боюнча нормативдик укуктук │ │алкагында), │
│ │актыларга инвентаризация жүргүзүү │ │Юстмин │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│5 │"Нормативдик укуктук актылардын │2009-жылдын│Юстмин │
│ │мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз │октябры │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн токтом │ │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген │ │ │
│ │тартипте Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│6 │"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │2009-жылдын│Өкмөттүн │
│ │2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз │октябры │Аппараты │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн регламентин │ │ │
│ │бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү│ │ │
│ │жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" │ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом │ │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген │ │ │
│ │тартипте Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│7 │"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │2009-жылдын│Юстмин │
│ │нормативдик укуктук актыларын │ноябры │ │
│ │жарыялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн токтом │ │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген │ │ │
│ │тартипте Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│8 │"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │2009-жылдын│Юстмин │
│ │2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 │октябры │ │
│ │"Кыргыз Республикасынын Юстиция │ │ │
│ │министрлигинин маселелери" токтомуна │ │ │
│ │өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду │ │ │
│ │киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын│ │ │
│ │Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу │ │ │
│ │жана Кыргыз Республикасынын белгиленген │ │ │
│ │тартипте Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│9 │Мурда министрликтердин, мамлекеттик │2009-жылдын│Мамлекеттик │
│ │комитеттердин, администрациялык │декабры - │органдар │
│ │ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин │2010-жылдын│(компетен- │
│ │башка органдарынын актылары менен жөнгө │январы │циясынын │
│ │салынган коомдук мамилелерди жөнгө салуу│ │алкагында) │
│ │максатында нормативдик укуктук │ │ │
│ │актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана│ │ │
│ │белгиленген тартипте Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына │ │ │
│ │киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────────────┼───────────┼─────────────┤
│10│"Кыргыз Республикасынын нормативдик │2009-жылдын│Юстмин │
│ │укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз │октябры │ │
│ │Республикасынын Мыйзамына шайкеш │ │ │
│ │келбеген нормативдик укуктук актыларды │ │ │
│ │күчүн жоготту деп табууга багытталган │ │ │
│ │нормативдик укуктук актылардын │ │ │
│ │долбоорлорун иштеп чыгуу жана │ │ │
│ │белгиленген тартипте Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына │ │ │
│ │киргизүү │ │ │
└──┴────────────────────────────────────────┴───────────┴─────────────┘