Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-сентябры № 521-б
"Иркештам-автожол" өткөрүү пунктунун курулушу үчүн аянтты өз убагында даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кытай Эл Республикасында жасалган, "Иркештам-автожол" өткөрүү пунктунда ажыратылган 11 курама-такта үйдү Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы бул буйруктун 1-пунктунда айтылган материалдарды белгиленген тартипте балансына алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети бул буйруктун 1-пунктунда айтылган материалдардын өткөрүлүшүн-кабыл алынышын камсыздасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |