Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-сентябры № 522-б
Спорттук билим берүү секторунда кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүү жана мамлекеттик каржы ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- облустук мамлекеттик дене тарбия жана спорт мекемелерин каржылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин администрациялык классификациясы боюнча республикалык бюджеттен каржылоого которсун;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |