Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-сентябры № 524-б
Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) тиешелүү түрдө 2009-жылдын 23, 24 жана 25-сентябрында боло турган ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 62-заседаниесине жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин 46-заседаниесине, ошондой эле Бажы союзунун комиссиясынын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы бекитилсин:
Узакбаев Эмилбек - КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Усупов Үсөн Макаевич - ЕврАзЭС маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Дөөталиев Улан Тимурович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн референти;
Искаков Асанкул - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин башкармалык начальниги;
Касымов Нурбек Исанбекович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин экинчи секретары;
Дүйшеев Айбек Алмаспекович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укук бөлүмүнүн башкы адиси;
Алканов Райкан Алканович - "ЕврАзЭС-Кыргызстан ишкер кеңеши" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Аталган заседаниелерге делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберген уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Командировканын мөөнөтү 2009-жылдын 22-25-сентябры.
Премьер-министр | И.Чудинов |