Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-сентябры № 526-б
1. Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Асанов Дайыр Асановичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн төмөнкүдөй курамдагы Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Бабанов Ө.Т. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кенжесариев М.С. - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Бектеналиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
Суеркулов К.М. - Бишкек шаарынын Ленин районунун аскер комиссары;
Токомбаев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Тойгонбаев Э.Т. - Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Талдыбаев А.К. - Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин начальниги;
Бекболотов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Асанов Э.Д. - Д.А.Асановдун уулу (макулдашуу боюнча).
2. Жарандык коштошуу ырасымы 2009-жылдын 20-сентябрында саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлсүн.
3. Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү сөөк коюла турган жер болуп аныкталсын.
4. Маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |