Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-сентябры № 527-б
2009-жылдын 20-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Америка Кошмо Штаттарында боло турган жумушчу сапарына жана Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 64-сессиясынын жалпы дебатына катышуусуна байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Расмий делегация:
Чудинов Игорь Витальевич(*) - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Сарбаев Кадырбек Тельманович(*)- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Султанов Марат Абдыразакович(*) - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Сатыбеков Мелисбек Сатыбекович(*)- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
Давлеткельдиев Арстанбек Абдыкулович(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Исаков Сапар Жумакадырович(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
Сыдыкова Замира Бексултановна - Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Жээнбаев Нурбек Жаныбекович - Нью-Йорк шаарында БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү.
Коштоочу адамдар:
Садралиев Нуржан Раимканович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы;
Жаманбаев Муса Мураталиевич(**) - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы - Протокол кызматынын жетекчиси;
Султангазиев Айбек Кенжебекович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы;
Молдоисаева Миргүл Родбековна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти;
Эгембердиев Алтынбек Камчибекович(**), (***), (****) - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башкы адиси (макулдашуу боюнча);
Данияров Улан Шайлообекович(***) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин биринчи секретары;
Аданов Рахман Бектурсунович(**), (***) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин биринчи секретары;
Ишимов Аманат(***) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин атташеси - котормочу;
Сыдыкбаев Эрнс Исаевич(****) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын офицери (макулдашуу боюнча);
Айльчиев Сагын - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фотографы;
Кеңешов Азамат Кожомуратович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору;
Жолдубаева Кундуз(***), (****) - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча);
Текимбаева Айсулуу Орозалиевна(****) - "5-канал" жабык акционердик коомунун кабарчысы (макулдашуу боюнча);
Иманкожоев Азамат Дүйшөналиевич(****) - "5-канал" жабык акционердик коомунун оператору (макулдашуу боюнча).
2. Көрсөтүлгөн иш-чараларга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланышкан чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Көрсөтүлгөн иш-чараларга байланыштуу чыгымдарды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 4347200 (төрт миллион үч жүз кырк жети миң эки жүз) сом бөлүнсүн.
Эскертүү:
(*) турак жайды жалдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомунун № 2 тиркемесинин 3-пунктуна ылайык факты боюнча; транспорттук чыгымдарга акы төлөө факты жүзүндө берилген документтер боюнча төлөнсүн;
(**) 2009-жылдын 14-29-сентябрында алдыңкы топтун курамында командировкага жиберилет;
(***) суткалык жана турак жайды жалдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каражаттарынын эсебинен;
(****) авиабилетке чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен.
Премьер-министр | И.Чудинов |