Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 528-б
1. Бишкек шаарында 2001-жылдын 21-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңги заттарын контролдоо жөнүндө жана укук колдонуу жаатында көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашууга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрине жогоруда аталган Макулдашууга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө/толуктоолорго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |