Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 529-б
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн корутундусунан келип чыккан сунуштарды кароо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Жолдубаева И.Ы. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертизалар секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Курманов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сыдыкова Л.Ч. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана соттук-укуктук реформалар боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сабиров А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Мамидинова Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо боюнча борборунун директору;
Нурбек уулу Руслан - Башкы прокуратуранын уюштуруу-инспекторлук башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча);
Городнянский И.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын пайдалануу боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Есеналиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин юридика бөлүмүнүн начальниги.
2. Жумушчу топтун жетекчисине зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
3. Жумушчу топ 2009-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин.
4. Жумушчу топтун уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо иштери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |