Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 531-б
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, элдин кургак учукка жана жаныбарлардан жугуучу башка ооруларга чалдыгуу деңгээлин азайтуу, жаныбарлардан алынчу жана ветеринардык-санитардык жактан жакшы сапаттуу продукция өндүрүүнү жана сатууну камсыздоо максатында:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө адистерин тартуу менен чакан касапкана цехтердин, пункттардын жана аянттардын ветеринардык жана санитардык коопсуздуктун талаптарына ылайыктыгына инвентаризация жүргүзүшсүн;
- 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө базарларда жайгашкан ветеринардык-санитардык экспертиза лабораторияларын базарларда сатылчу айыл чарбалык продукция жана аны иштетүүдөн алынган продуктулар коопсуздуктун көрсөткүчтөрүнө ылайыктыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жараша текшерүү үчүн керектүү лабораториялык жабдуулар, приборлор жана тесттер менен жабдышсын;
- 2011-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө инвестицияларды жана грант каражаттарды тартуунун эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берчү стационар касапканаларды жана касапкана пункттарды курууну караштырышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамынын аткарылышына контролду күчөтсүн;
- айыл чарба жаныбарларына жана канаттууларына аллергиялык изилдөө жүргүзүү, туберкулез оорулуу жаныбарларды аныктоо жана жок кылуу боюнча алдын алуучу иштерди өз убагында жүргүзүү үчүн республиканын туберкулинге керектөөсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн;
- республиканын ички рыногунда жүгүртүлүп жаткан жаныбарлардан алынчу продукция коопсуздуктун параметрлерине ылайык экендигине бардык жерде ветеринардык-санитардык контролду камсыздашсын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана республиканын бардык региондорундагы калкка малды жана канаттууларды пландуу эмдөөнүн мөөнөтү, убактысы жана орду жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдасын;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте эт-сүт продукциянын жана жаныбарлардан алынчу продукциянын белгиленбеген жерлерде сатылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүшсүн жана жаныбарлардын адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдарынын алдын алуу жана чыгышын болтурбоо, тамактануу маданияты боюнча эл арасында жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |