Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 533-б
Бишкек шаары, Чүй пр., 106 дарегинде жайгашкан мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана толук кайтарымдуу иштешине зарыл шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча департаментке "МЭНС" жоопкерчилиги чектелген коом менен бирдикте үлүштүк катышуу жөнүндө келишимдин шартында төрт кабаттуу имараттын курулушуна катышууга уруксат берилсин, ал шартка ылайык имараттын курулушу толугу менен (жүз процент) "МЭНС" жоопкерчилиги чектелген коомдун эсебинен ишке ашырылат, жертөлө жайлары жана биринчи кабатындагы жайлар мамлекетке өтөт, ал эми калган экинчи, үчүнчү жана төртүнчү (мансард) кабаттары - "МЭНС" жоопкерчилиги чектелген коомго өтөт.
2. "МЭНС" жоопкерчилиги чектелген коом жаңы объектти жайгаштыруу боюнча эскиздик долбоорду иштеп чыксын жана каралып жаткан аймакка курулуш куруу боюнча чечим кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Шаар куру кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча департамент менен бирдикте - "МЭНС" жоопкерчилиги чектелген коом менен ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн администрациялык имараттын курулушуна үлүштүк катышуу жөнүндө келишим түзсүн;
- аталган имарат эксплуатацияга киргизилгенден кийин жертөлө жайларын жана биринчи кабатындагы жайларын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча департаментке оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча департамент менен бирдикте аталган жайларды Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине акысыз пайдалануу укугунда белгиленген тартипте бекитип берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктүк башкаруу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |