Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 534-б
"Майлуу-Суу электрлампа заводу" ачык акционердик коому чыгарган энергия үнөмдөөчү лампалар менен бюджеттик мекемелерди камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Майлуу-Суу электрлампа заводу" ачык акционердик коому чыгарган энергия үнөмдөөчү лампаларды сатып алуу үчүн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренеси боюнча бөлсүн.
2. "Майлуу-Суу электрлампа заводу" ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунда аталган министрликтердин табыштамаларына ылайык энергия үнөмдөөчү лампаларды өз убагында, 2009-жылдын ноябрь-декабрында жеткирүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |