Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 535-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
- эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн:
Каныбек Жунушевге - "Жашынмак", "Бака, бака балчак", "Бир орундуу самолет", "Бал курсак" балдар ырлары жыйнактары үчүн;
Жакыпбек Абдылдаевге - "Бал челек" ырлар китеби үчүн;
- эң мыкты проза чыгармасы үчүн:
Сулайман Рысбаевге - "Айбийке сулуу" жыйнагы үчүн;
- мамлекеттик тилдеги эң мыкты котормо үчүн:
Салижан Жигитовго (өлгөндөн кийин) - А.С.Пушкиндин "Алтын балык жөнүндөгү жомок" аттуу жомогунун котормосу үчүн;
Абдыкерим Муратовго - түрк элдеринин жомокторунун "Чоң энемдин алтын сандыгы" аттуу котормосу үчүн.
2. Сыйлоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2009-жылдагы бюджетинин чегинде жүргүзүлсүн.
3. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | И.Чудинов |