Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 537-б
Балдарды коргоо жаатында саясат жүргүзүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Калмырзаева Ч.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн балдарды коргоо секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Исаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Тыналиева Ү.М. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Муратов А.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Жекшенов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Бардинова Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Фаттахов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча);
Бекбулатова Т.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Балдарды коргоо департаментинин директору;
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Кутманов Б.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Хорошман Е.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн балдарды коргоо секторунун эксперти.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө балдарды коргоо жаатында саясат жүргүзүүнү башкаруу түзүмү жана уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |