Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-апрели № 180-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 19-сентябрындагы №538-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "Айылдык инвестиция" экинчи долбоорун кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Д.Ж.Шайдиева - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы делегациянын жетекчиси;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин стратегиялык жардамдар башкармалыгынын начальниги;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамдарды координациялоо башкармалыгынын начальниги;
Саккараев М.Н. - Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №538-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №538-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | И.Чудинов |