КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 540-б
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясына Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен кызматтык пайдалануу үчүн бир жеңил автомашинаны белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспорту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомунун талаптарына ылайык жүзөгө ашырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |