Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 541-б
Баткен-Исфана автомобиль жолунун 248 км - 271 км участогун реабилитациялоонун жүрүшүндө бөлүнгөн тилкеге туш келген мүлктү баалоону тандап текшерүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мамаев К.А - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Абдурахманов А.О - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Бөрүбаев Н.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен зоналык борборунун директору;
Васюшкина Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоордук-иликтөө институтунун пландоо-финансы бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Ибраимов С.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "ЦАРЕС - региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча" долбоорун ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн директору;
Калыков С.Т. - Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Осмонов Г. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Сейдалиев К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин № 7 мамлекеттик архитектуралык-курулуш башкармалыгынын начальниги;
Темирбаев М.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн начальниги;
Эшенкулова А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын башкы адиси.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө жерине баруу менен мүлктү баалоону тандап текшерүүнү жүргүзсүн, үй ээлери менен макулдашылган баалоо отчетунун акыркы вариантын даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |