Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 543-б
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, "Көз карандысыз нан инспекциясы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) жана Байытылган унду жана нан азыктарын өндүрүүчүлөр ассоциациясы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте үч айлык мөөнөттө:
- болгон тегирмендердин мониторингин, алардын типтерин жана аларда байытылган унду чыгарууну уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо менен жүргүзсүн;
- тегирмендердин байытылган унду милдеттүү түрдө чыгарууга акырындап өтүүсүнүн графигин түзсүн жана бекитсин;
- унду байытуучуларды (премиксти) мамлекеттик нормалоону камсыз кылсын;
- унду байытуу жана темир тартыштыгы абалын профилактикалоо жагында өндүрүүчүлөр менен мамлекеттик органдардын өз ара иштөөсүн камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен бирдикте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөк көрсөтүүсү менен ун чыгаруучулардын эсебинен минералдык жана витаминдик кошумчаларды сатып алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги:
- унду байытуу боюнча ишканаларга уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтсүн;
- мамлекеттик резервге алынган дандын сапатына жана мындай данды кайра иштетүүчү ун тартуучу, алынган унду милдеттүү түрдө байытуучу ишканалардын ишине мамлекеттик контролдукту камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик резервдеги жана фонддордогу дандан ун алууда унду милдеттүү байытуу карала тургандыгын белгилесин.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- жергиликтүү программаларда региондун бардык ун тартуучу ишканаларында унду байытуу жана темир тартыштык абалын профилактикалоо маселелерин караштырышсын;
- минералдык, витаминдик кошумчаларды жана микроэлементтерди сатып алууда ун чыгаруучуларга көмөк көрсөтүшсүн;
- жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда унду байытуу, темир тартыштык абалын профилактикалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарга каражат караштырышсын;
- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү, юстиция, коргонуу жана башка бюджеттик уюмдарда байытылган ундун милдеттүү пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырышсын;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык витаминдик-минералдык же минералдык кошумчалар менен байытылган нан унун чыгарууга, сактоо шарттарына жана сатылып өткөрүлүшүнө контролдукту жүзөгө ашырышсын;
- байытылган унга карата милдеттүү талаптарды өндүрүүчүлөрдүн аткарышына мамлекеттик көзөмөлдүктү камсыз кылышсын;
- калктын, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын региондордо жашаган адамдардын коопсуз байытылган унду сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |