Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 544-б
Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү "Жашыл жумалык 2010" эл аралык көргөзмөсү 2010-жылдын 15-24-январында өткөрүлүшүнө байланыштуу:
1. Жыл сайын өткөрүлүүчү "Жашыл жумалык 2010" эл аралык көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын даярдыгы жана катышуусу боюнча өкмөттүк комиссия (мындан ары - Өкмөттүк комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары;
"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандагы Райффайзен кооперативдерин өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор.
2. Өкмөттүк комиссия төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- жыл сайын өткөрүлүүчү "Жашыл жумалык 2010" эл аралык көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын катышуу программасын;
- жыл сайын өткөрүлүүчү "Жашыл жумалык 2010" эл аралык көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын катышуусуна байланышкан иш-чаралардын планын жана чыгымдардын сметасын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү берсин:
- Өкмөттүк комиссиянын жыл сайын өткөрүлүүчү "Жашыл жумалык 2010" эл аралык көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын катышуу программасына карата сунуштарын;
- жыл сайын өткөрүлүүчү "Жашыл жумалык 2010" эл аралык көргөзмөсүнө катышууну каалаган ишканалардын тизмесин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |