Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 546-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2007-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Мамлекеттик сектордогу аудиторлордун потенциалын күчтөндүрүүгө грант (IDF Grant No. ТF 090667)" долбоору боюнча Макулдашуу-катта каралган Сатып алуулар боюнча процедуралардан четтөөгө уруксат жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда айтылган Макулдашуу-каттын долбооруна Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |