Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 547-б
1. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигине "Дэу Нубира" маркасындагы, 1998-жылы чыгарылган, эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөн, кыймылдаткычынын № 080651В, шасси № KLAJF696EWK192869 кызматтык автотранспортту Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы № 1 балдар үйүнүн (мындан ары - балдар үйү) балансына өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспортту белгиленген тартипте балдар үйүнүн балансына алууну камсыздасын.
3. Автотранспортту Бишкек шаарынан арналган жерине жеткирүүгө, тариздөөгө жана бажыдан чыгарууга байланыштуу чыгымдар балдар үйүнүн каражатынын эсебинен төлөнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |