РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 549-б (Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.С.Сүйүмбаевдин 90 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы түзүлүүсү тууралуу) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 30-сентябры № 549-б

"А.С.Сүйүмбаевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 21-майындагы № 1162-IV токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.С.Сүйүмбаевдин 90 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын бекитсин.

3. Чүй облусунун жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациялары А.С.Сүйүмбаевдин 90 жылдык юбилейин даярдоо жана өткөрүү планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана уюштуруу комитетине берсин.

4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар 2010-жылга каралган мамлекеттик органдардын колдонуудагы бюджеттик каражаттарынын чегинде ишке ашырылсын.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.С.Сүйүмбаевдин 90 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына көмөк көрсөтүшсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 549-б буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик

жана коомдук ишмери Ахматбек Сүйүмбаевдин

90 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу

иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча

уюштуруу комитетинин

КУРАМЫ

 

Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кумаров Б.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Курманов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Биримкулов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы;

Жумашева С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык округунун башчысы;

Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Какеев А.Ч. - академик;

Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;

Сүйүмбаев Б.А. - пенсионер, А.С.Сүйүмбаевдин уулу (макулдашуу боюнча);

Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри;

Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Сазыкулов М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

Н.Айтмурзаев