Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 550-б
"А.Сыдыковдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 30-январындагы № 928-IV токтомуна ылайык:
1. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.Сыдыковдун 120 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын бекитсин.
3. Чүй облусунун жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациялары А.Сыдыковдун 120 жылдык юбилейин даярдоо жана өткөрүү планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана уюштуруу комитетине берсин.
4. Юбилейлик иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын колдонуудагы бюджеттеринин, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери А.Сыдыковдун 120 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 550-б буйругуна тиркеме |
Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кумаров Б.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Курманов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары
(макулдашуу боюнча);
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Биримкулов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Жумашева С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык округунун башчысы;
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Какеев А.Ч. - академик;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Плоских В.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Садыков Э.А. - Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкери, А.Сыдыков атындагы фонддун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Садыков Н.Б. - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри;
Түмөнбаева Ж. - Кыргызстан калкынын ассамблеясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Сазыкулов М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |