Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-сентябры № 552-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-февралындагы № 61-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин биотүрлөрдү, өзгөчө корголуучу аймактарды, экотүзүлүштү сактоо жана басма сөз кызматы бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укук бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жай экологиясы бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын уюштуруучулук-укук бөлүмүнүн укуктук камсыздоо жана тышкы байланыштар тобунун башкы инспектору;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин күзөтүү жана куралданууну уюштуруу секторунун башкы инспектору;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы инспектору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргонууну жана укук коргоо органдарын каржылоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.".
Премьер-министр | И.Чудинов |