Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-октябры № 554-б
Аскердик багыттагы билим берүүчү мекемени түзүү, жетим балдарды, кароосуз балдарды жана ата-энеси көңүл бөлбөй калтырган балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн шарт түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укук коргоо органдарын жана коргонууну каржылоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин окуу-тарбия иштери бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Балдарды коргоо боюнча департаментинин стандарттар, аккредитация жана кызмат көрсөтүүлөрдү инспектирлөө бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун бөлүм башчысы;
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Бишкек шаарынын Балдарды реабилитациялоо борборунун начальниги (макулдашуу боюнча);
№ 4 кесиптик-техникалык лицейинин жаштарды чакырууга чейинки даярдоонун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык коргоо жана гуманитардык жардамдар башкы башкармалыгынын даректүү колдоонун нормативдик методологиясы бөлүмүнүн башкы адиси;
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык саясат, билим берүү жана уюштуруу иштери башкармалыгынын билим берүү жана илим бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Балдарды коргоо борборунун кызматкери (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Балдарды социалдык адаптациялоо борборунун кызматкери (макулдашуу боюнча);
"Хафен" коомдук бирикмесинин менеджери (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу тобу үч айлык мөөнөттө аскердик багыттагы билим берүүчү мекемени түзүү боюнча маселелерди изилдеп чыксын жана аскердик багыттагы билим берүүчү мекемени түзүүнү, материалдык-техникалык камсыз кылууну, каржылоону жана анын иштөөсүн караштырган тийиштүү сунуштарды киргизсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жумушчу топтун ишине жардам көрсөтүшсүн.
4. Белгиленген тартипте жумушчу топко төмөнкүлөргө укук берилсин:
- жумушчу топтун ишине адистерди, эксперттерди жана консультанттарды тартуу;
- алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда мамлекеттик органдардан материалдарды суроо жана жардам алуу.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |