Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-октябры № 555-б
1. Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Жеңилдетилген кредиттик макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолун реабилитациялоо долбоору боюнча гранттык элементти эсептегенде ушул долбоорго тартылган бардык инвестицияларды эсепке алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолун реабилитациялоо долбоорунун алкагында ар бир банк-донор менен түзүлүүчү Макулдашууларда каралган жол-жоболор боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана курулуш иштерин сатып алышсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |