Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-октябры № 556-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү, мамлекеттик имарат жайларын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Бишкек шаары, Рысмендиев көчөсү, 1/1 дареги боюнча жайгашкан эки кабаттуу имаратты жалпы аянты 2238,7 кв.м чарбалык курулуштары жана 8200 кв.м аянттагы чектеш аймагы менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматына оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматына Бишкек шаары, Чүй проспекти, 47/1 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 908,4 кв.м турак эмес жайларды кийин ага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтун жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына оперативдүү башкаруу укугу менен белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн имаратты жана турак эмес жайларды кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 13-июлундагы УӨ № 526 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ