Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-октябры № 559-б
Жаратылыш газын берүүнү эске алуу менен, республиканын энергетикалык секторун мамлекеттик колдоо жана 2009-2010-жылдын жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 170 (жүз жетимиш) млн.сом суммасындагы бюджеттик кредит берсин;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бюджеттик кредитти кайтаруу шарттарында карыз милдеттенмесин белгиленген тартипте түзсүн;
- бюджеттик кредитти бөлүп берүүнүн төмөнкүдөй шарттарын аныктасын:
кредитти тындыруу мөөнөтү - кредит берилген күндөн баштап 1 жылдык жеңилдетилген мезгилди берүү менен 2012-жылдын 31-декабрына чейин;
кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставкасы - жылына 3 процент;
тындыруунун мезгилдүүлүгү - ай сайын;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- жогоруда аталган бюджеттик кредитти эсептелген проценттери менен карыз милдеттенмесин тындыруу графигине так ылайыкта кайтарууну камсыз кылуу;
- бюджеттик кредиттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |