Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-октябры № 565-б
1. 2007-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Казакстан инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кошумча макулдашуунун жогоруда аталган долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |