Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-октябры № 571-б
Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин курууга тендер өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдарды даярдоо максатында:
1. Түркиялык "3D Mimarlik and Tasarim" компаниясы даярдаган, Анкара шаарында Элчинин резиденциясы бар Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратынын жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери үчүн 8 квартиралуу турак үйдүн тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин курууга тендерди андан ары даярдоо жана өткөрүү үчүн ушул буйруктун 1-пунктунда аталган долбоорду Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |