Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-октябры № 575-б
1. 2000-жылдын 17-февралындагы Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоо жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколунун орус тилинде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Протоколдун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. 1998-жылдын 8-декабрындагы Бажы бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин бажы органдарынын ортосунда бажылык коштоо жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу жөнүндө протоколдун орус тилинде тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |