Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-октябры № 576-б
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан жазык-аткаруу системасын чыгаруу жөнүндө маселелерди изилдөө жана өз алдынча Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу кызматын түзүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Сыдыкова Л. Ч. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана соттук-укуктук реформалар боюнча комитетинин төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча),
|
Майкозов К.А. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
| жумушчу топтун мүчөлөрү:
|
Мамасалиев А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча),
|
Тагаев Р.Б. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча),
|
Момбеков К.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча),
|
Насиза С.Х. | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча),
|
Казакбаев Р.А. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары,
|
Жапаров А.М. | - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары,
|
Курманалиев С.Б. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары,
|
Алмаматов Т.К. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары,
|
Нишанов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,
|
Муратов А.А. | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары,
|
Жаманкулов М.Т. | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын начальниги,
|
Турганбаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын начальниги,
|
Молдобаев А.Р. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин начальниги,
|
Кристоф фон Харсдорф | ЕСтин "Кыргыз Республикасында сот системасын реформалоого колдоо көрсөтүү" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча),
|
Мирослав Новак | - ОБСЕнин Бишкек шаарындагы Пенитенциардык системаны реформалоо боюнча борборунун кецешчиси (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан жазык-аткаруу системасын чыгаруу жана өз алдынча Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу кызматын түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жана зарылдыгы жөнүндө маселелерди карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда мамлекеттик органдардын, мекемелердин, илимий жана коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |