Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-октябры № 577-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:
1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу - Сары-Бээ автомобиль жолунун 0 км тартып (Майлуу-Суу суусу аркылуу өтүүчү көпүрөдөн 400 метр) 5,4 км чейинки участогу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- автомобиль жолунун жогоруда аталган участогун оперативдүү башкарууга кабыл алынсын;
- автомобиль жолунун кабыл алынган участогуна ушул буйруктун 3-пунктун эске алуу менен ремонт жүргүзүүнү жана кармоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлуу-Суу - Сары-Бээ автомобиль жолунун 0 км тартып 2,9 км чейинки участогун реабилитациялоону Дүйнөлүк банктын "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу" долбоорунда каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-августундагы № 546 токтомуна ылайык жактырылган жана жиберилген "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда 2010-жылга бюджеттин долбоорунда 10548000 (он миллион беш жүз кырк сегиз миң) сомду Майлуу-Суу - Сары-Бээ автомобиль жолунун 2,9 км тартып 5,4 км участогуна капиталдык ремонт жүргүзүүгө кароо тууралуу маселени иштеп чыксын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |