Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-октябры № 578-б
Швейцариянын Женева шаарында 2009-жылдын 2-3-ноябрында болуучу БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын "Европа экономикалык комиссиясынын регионундагы гендердик теңчилик үчүн жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр: негизги маселелер жана пикирлер саясаты" деген региондук кеңешмесине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча улуттук кеңештин төрагасы, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Жапаров А.Ү.(*) - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча улуттук кеңештин жооптуу катчысы;
Ажигулова З.Б.(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн гендердик маселелер боюнча секторунун башчысы;
Жумалиев М.К. - Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Женева (Швейцария) шаарына Кыргыз Республикасынын делегациясынын барышына жана анда болушуна байланыштуу уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
3. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын региондук кеңешмесине Кыргыз Республикасынан делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
(*) - Кыргыз Республикасынан делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |