Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-октябры № 580-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техника-экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү,
эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди жана техника-экономикалык кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Тараптар макулдашкан техника-экономикалык кызматташуу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган сексен миллион кытай юаны өлчөмүндө акысыз жардам берүүгө макул. Конкреттүү шарттарды Тараптар кошумча макулдашуу түзүү жолу менен аныкташат.
2-берене.
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептерди жүргүзүүнүн тийиштүү тартиби "РСК Банк" ачык акционердик коому жана Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан кошумча аныкталат.
3-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашууда каралган бардык милдеттенмелерди эки тараптын Өкмөттөрү толугу менен аткарып бүткөн күнгө чейин күчүндө болот.
2009-жылдын "__" _________ ___________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн
|