Редакцияот 12.10.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 12-октябры № 587-б

1. Европа Союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Адам укуктары боюнча расмий диалогдун 2009-жылдын 13-октябрында Брюссель шаарында (Бельгия королдугу) болуучу экинчи туруна катышуу үчүн расмий делегация төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Каламбекова Б.Р. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, делегациянын башчысы;

Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;

Азылов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Бельгия королдугундагы атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Мукашев Д.М. - Кыргыз Республикасынын Бельгия королдугундагы элчилигинин кеңешчиси.

2. Расмий делегация мүчөлөрүнүн аталган иш-чарага катышууга байланышкан чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов