Редакцияот 12.10.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 12-октябры № 588-б

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча борборунун башкы адиси Курманбаева Аида Маратовна жаран Н.А.Токтакуновдун "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-4-пункттарын, 5-статьясынын биринчи бөлүгүн жана экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүн, 9-статьясын конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18 жана 25-беренелерине каршы деп таануу жөнүндө өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жыйындарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча борборунун башкы адиси Курманбаева Аида Маратовнага ишеним кат берилсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов