Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-октябры № 593-б
Ош облусунун Алай районунун Нура айылындагы турак үйлөрдү, социалдык-маданий багыттагы жана инженердик инфраструктуранын объекттеринин курулушунун бүткөнүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы 2009-жылдын 11-мартында өткөргөн конкурстук тандап алуунун натыйжалары боюнча аныкталган төмөндөгү уюмдар: "Бааман" жоопкерчилиги чектелген коому, "Базаркоргонайылкурулуш" ачык акционердик коому, "Нура" консорциуму, "Аль-Манар" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Оштейлөөкурулуш" ачык типтеги акционердик коому Нура айылындагы 2 жана 3 бөлмөлүү турак үйлөрдүн курулушу боюнча подряддык уюмдар катары жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы Нура айылындагы жаңы салынган төмөндөгү объекттерди белгиленген тартипте акысыз өткөрүп берсин:
- Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн менчигине мончону, спортзалды, суу менен жабдуу объекттерин, айыл ичиндеги жолдорду, эки көпүрөнү, ал эми турак үйлөрдү кийин Нура айылынын тургундарына менчигине өткөрүп берсин;
- "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун менчигине - 0,4 кВ электр берүү аба линиясын, ошондой эле кубаттуулугу 250 кВА 3 даана КТП-10/0,4 кВ.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |