Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-октябры № 595-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 232-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү бөлүп берсин:
- Тажикстан Республикасына - Кытай Эл Республикасынан келүүчү ундун көлөмүнөн 1-сорттогу 100 тонна унду;
- Афганстан Ислам Республикасына - Россия Федерациясынан келүүчү ундун көлөмүнөн 1-сорттогу 100 тонна унду."
- 7-пунктагы "2008-жылга" деген сөз жана цифралар "2008 жана 2009-жылдарга" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7.1-пункт менен толукталсын:
"7.1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Афганстан Ислам Республикасына гуманитардык жүктү темир жол транспорту менен ташууну камсыз кылсын.".
Премьер-министр | И.Чудинов |