КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-октябры № 600-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча 10,0 (он) млн.сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |