Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-октябры № 603-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 14-августунда түзүлгөн Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын дарылоо корпусунун жаңы имаратынын курулушун камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (алдындагы Улуттук госпиталдын дарылоо корпусунун Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен курулуп жаткан жаңы имаратынын (мындан ары - дарылоо корпусу) долбоорлонушу жана курулушу Кытай Эл Республикасынын Чжэнцзян курулуш бирикмесинин алдындагы «Долбоорлоо институту» ЖчК иштеп чыккан долбоордук документтерде кабыл алынган чечилиштерди эске алуу менен эксперименттик долбоор деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана Курулуш боюнча мамлекеттик агенттик дарылоо корпусун параллель долбоорлоо жана куруу, долбоорго мамлекеттик экспертиза жүргүзүү жана объекттин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүү режиминде куруу маселелерин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги даярдоо жумуштарын 2009-жылга республикалык бюджетте каралган "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча каражаттарды кайрадан бөлүштүрүүнүн эсебинен жүргүзүү үчүн дарылоо корпусун 7,8 млн (жети миллион сегиз жүз миң) сом өлчөмдө үлүштүк каржылоону бир апталык мөөнөттө камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- дарылоо корпусунун долбоордук-сметалык документтерин ылайыкташтырууда жана инженердик тармактарын курууда Кыргыз Республикасы тараптар заказчы болсун;
- дарылоо корпусун куруу үчүн курулуштук аянттын даярдалышын бир айлык мөөнөттө камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик курулуштук аянты даярдоо мөөнөтүнүн кыска экендигин эске алып заказчыга ушул буйруктун 3-пунктуна көрсөтүлгөн каражаттарды өздөштүрүү боюнча жумуштарды бир булактан алуу методу боюнча сатып алууга уруксат берсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |