Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-октябры № 617-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү, мамлекеттик имарат-жайларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- төмөндөгү имарат-жайлар бошотулушун камсыздасын:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясы ээлеп турган, Бишкек шаары. Москва көчөсү, 62 дарегиндеги имарат-жайды бошотууну;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн экология, аймак таануу жана туризм боюнча республикалык борборун - Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 161 дарегиндеги имаратка жайгаштырып, ал мурда ээлеп турган: Бишкек шаары, Широкая көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан имарат-жайды бошотууну;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясын Бишкек шаары, Широкая көчөсү, 1 дарегиндеги имаратка жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматын Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62 дарегиндеги имараттын бөлмө-жайларына белгиленген тартипте жайгаштырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын башкаруу боюнча бөлүмүнө жана билим берүү,мамлекеттик мүлктү маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |