КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-октябры № 618-б
"Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы үчүн кызматтык автотранспорт сатып алууга каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө" Панфилов райондук кеңешинин 2009-жылдын 14-августундагы № 29/IX чечимин эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясына кызматтык пайдалануу үчүн бир жеңил автомашинаны белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |