Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-октябры № 620-б
Республиканын энергетикалык секторун мамлекеттик колдоо жана 2009-2010-жылдын жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 100 (жүз) млн.сом суммасында бюджеттик кредит берсин;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бюджеттик кредитти кайтарып берүү шарттарында карыз милдеттенмесин белгиленген тартипте түзсүн;
- бюджеттик кредитти бөлүп берүүнүн төмөнкүдөй шарттарын аныктасын:
кредитти тындыруу мөөнөтү - 2009-жылдын 25-декабрына чейин;
кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка - 3 процент;
- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- 2004-2005-жылдары алынган жаратылыш газы үчүн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна болгон карызды тындыруу жолу менен бюджеттик кредиттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыздоо;
- карыз милдеттенмесин тындыруунун графигине так ылайык жогоруда аталган бюджеттик кредитти эсептелген проценттери менен кайтарып берүүнү камсыздоо.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |