Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-ноябры № 633-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгынын 7-пунктунун "б" пунктчасын ишке ашыруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жоюу комиссиясы түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин штабынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин финансы-чарба башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарба башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын "Н" башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттарды каржылоо саясаты башкармалыгынын башкы адиси.
2. Ведомстволор аралык жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону;
- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин финансылык, материалдык баалуулуктарын инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тийиштүү багыттар боюнча өткөрүп берүү боюнча зарыл иш-чараларды;
- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин балансында турган имараттарды, материалдык-техникалык базаны кабыл алуу-өткөрүп берүүнү.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:
- комиссиянын ишине эксперттерди, консультанттарды жана адистерди тартуу;
- зарыл учурда мамлекеттик органдардан материалдарды сурап алуу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|