Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-ноябры № 634-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Расмий делегация төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Байгуттиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри (макулдашуу боюнча);
Керимова Н.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Давлеткелдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин жардам берүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги;
Асаналиева Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын инвестициялык долбоорлорду координациялоо жана мониторинг бөлүмүнүн начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри М.А.Султановго сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|