КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-ноябры № 636-б
Кыргыз Республикасына жаратылыш газын берүүнүн үзгүлтүккө учурашына жол бербөө жана 2009/2010-жылдагы жылытуу сезону үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкү шарттарда 400 (төрт жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик кредит берсин:
кредитти жоюу мөөнөтү - 2009-жылдын 25-декабрына чейин;
кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка - жылына 3 процент менен;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен белгиленген тартипте милдеттүү күрөө менен камсыз кылуу аркылуу бюджеттик кредитти кайтаруу шартында Карыз милдеттенмесин түзсүн;
- "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- бюджеттик кредитти "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна карызды төлөөгө максаттуу пайдаланууну так камсыз кылуу;
- бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө эсептелген проценти менен бюджеттик кредитти кайтарып берүүнү камсыз кылуу.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|