Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-ноябры № 643-б
Өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка ыкчам чара көрүү, өз убагында жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- жүк жана жүргүнчү ташуучу 2 (эки) чакан автобусту белгиленген тартипте сатып алууга;
- аларды авариялык-куткаруучу жабдуулар жана кичи механизация каражаттары менен жабдууга.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган транспорт каражаттарын сатып алуу жана аларды жабдуу үчүн 262100 (эки миллион алты жүз жыйырма бир миң) сом суммасындагы каржылоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2009-жыл үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
3. Транспорт каражаттарын сатып алуу жана аларды жабдуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган транспорт каражаттарын жана авариялык-куткаруучу жабдууларды, кичи механизация каражаттарын бажылык тариздөөнү Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179-беренелерине ылайык атайын бажы режиминде жүргүзсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|