Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-ноябры № 644-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясына "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 токтому менен белгиленген лимиттин чегинде 2009-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын эсебинен жалпы суммасы 2500,0 миң сомго 5 автотранспорт каражатын сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автотранспорт каражатын сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|